Бул сүрөттөр айтылуу Каркыра жана анын жогору жагындагы Чымынды-Сай жайлоосунан тартылган. Жайлоо заманга жараша кыйла өзгөргөн. Малчылар тоонун чокусунда жатып алып эле спутник аркылуу каалаган каналын көрүшөт. Эң кызыгы жаңы ойлонуп табылган дөңгөлөктүү мончо чабандарды күн алыс сууга салып турат.
Жайлоодогу дөңгөлөк мончо
![Чымынды Сай капчыгайы.](https://gdb.rferl.org/9c7ebf8b-a928-473d-b8ae-253a2c3d39d8_w1024_q10_s.jpg)
1
Чымынды Сай капчыгайы.
![](https://gdb.rferl.org/9f65dc2d-c334-4b9f-ace3-154e8b638551_w1024_q10_s.jpg)
2
![Жайлоодо телефондун антеннасы чыкпагандыктан малчылар ушул дөбөгө келип сүйлөшүшөт. Бул жерди малчылар "Бител дөбө" деп тергешет.](https://gdb.rferl.org/6abfcc36-de10-4569-80e7-ad74652303ff_w1024_q10_s.jpg)
3
Жайлоодо телефондун антеннасы чыкпагандыктан малчылар ушул дөбөгө келип сүйлөшүшөт. Бул жерди малчылар "Бител дөбө" деп тергешет.
![Казак-кыргыз чек арасын бөлүп турган Каркыра суусунда балык мол экени айтылат.](https://gdb.rferl.org/6d9d00a1-c970-4d09-8480-2eace818d98b_w1024_q10_s.jpg)
4
Казак-кыргыз чек арасын бөлүп турган Каркыра суусунда балык мол экени айтылат.
![](https://gdb.rferl.org/3e0eaab9-c2e6-429d-a535-c016c8d33136_w1024_q10_s.jpg)
5
![Келиндер кир-кечесин тоодон аккан көк кашка сууга чайкашат.](https://gdb.rferl.org/75088326-946b-4ac1-b728-c6fe293f06c8_w1024_q10_s.jpg)
6
Келиндер кир-кечесин тоодон аккан көк кашка сууга чайкашат.
![Жайлоонун жаан-чачыны көз ачырбайт.](https://gdb.rferl.org/6ae82cd8-fbdf-4b93-9e09-2afbe4306ddd_w1024_q10_s.jpg)
7
Жайлоонун жаан-чачыны көз ачырбайт.
![Малчылар каймакты өздөрү жегидей кылып эле ченеп тартышат. Себеби сүттү саалары менен заводго өткөрүшөт.](https://gdb.rferl.org/c9c71947-5c4f-4720-ac89-8199c9159d4a_w1024_q10_s.jpg)
8
Малчылар каймакты өздөрү жегидей кылып эле ченеп тартышат. Себеби сүттү саалары менен заводго өткөрүшөт.
![Каркыранын Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагы. Манас эпосунда бул жер Миң Жылкы деп аталып, Көкөтөйдүн ашы өткөнү айтылат. Учурда бул жер казактарга таандык жана алар тор менен тосуп алышкан.](https://gdb.rferl.org/79ac8f83-d79e-42dc-87c0-cefaac6988e2_w1024_q10_s.jpg)
9
Каркыранын Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагы. Манас эпосунда бул жер Миң Жылкы деп аталып, Көкөтөйдүн ашы өткөнү айтылат. Учурда бул жер казактарга таандык жана алар тор менен тосуп алышкан.
![Кой кыркын.](https://gdb.rferl.org/10464b05-bcb7-4c77-83d6-19fe27401f7f_w1024_q10_s.jpg)
10
Кой кыркын.
![Каркырадагы топоздор.](https://gdb.rferl.org/aae61d9b-1fdf-404c-bd19-baa3981826d1_w1024_q10_s.jpg)
11
Каркырадагы топоздор.
![Усуп Ниязбеков күн сайын сыр чыгарган Сүт-Булакка 3 тонна сүт ташыйт. Сүттүн литри 15-16 сомдон алынат. Көп уй саагандар күнүнө 200 литрден ашык сүт төгүп, он күндө 30 миң сом акча табышат. ](https://gdb.rferl.org/2f5a2ce0-99fb-4d2d-ad70-e515520df704_w1024_q10_s.jpg)
12
Усуп Ниязбеков күн сайын сыр чыгарган Сүт-Булакка 3 тонна сүт ташыйт. Сүттүн литри 15-16 сомдон алынат. Көп уй саагандар күнүнө 200 литрден ашык сүт төгүп, он күндө 30 миң сом акча табышат.
![Токтояндын жашоочусу Эрнис Ыманов ойлоп тапкан дөңгөлөктүү мончо. Эрнис мырза жайлоону түрө кыдырып чабандарды мончого түшүрөт. Баасы 80 сомдон, эки киши кенен батат. Малчылар каймак-майын, кымызын көтөрүп келип сергип кетишет. ](https://gdb.rferl.org/74cd5112-5adc-4739-8b80-5c32cc85354c_w1024_q10_s.jpg)
13
Токтояндын жашоочусу Эрнис Ыманов ойлоп тапкан дөңгөлөктүү мончо. Эрнис мырза жайлоону түрө кыдырып чабандарды мончого түшүрөт. Баасы 80 сомдон, эки киши кенен батат. Малчылар каймак-майын, кымызын көтөрүп келип сергип кетишет.
![](https://gdb.rferl.org/3dbb2641-87f1-4b3b-82ec-73d6384aee2a_w1024_q10_s.jpg)
14
![Каркырадагы карызга бербеген дүкөн.](https://gdb.rferl.org/f2d86270-9403-411a-b0b9-36fc9f20e942_w1024_q10_s.jpg)
15
Каркырадагы карызга бербеген дүкөн.
![](https://gdb.rferl.org/b4776281-90ab-451f-bbb2-1ecbd1490499_w1024_q10_s.jpg)
16
![Бээ сааган маал. Учурда кымыздын литри 50 сомдон сатылууда.](https://gdb.rferl.org/3794a9c8-5494-4793-bf5a-9612e5c2e8ee_w1024_q10_s.jpg)
17
Бээ сааган маал. Учурда кымыздын литри 50 сомдон сатылууда.
![](https://gdb.rferl.org/b8d31e53-2ab3-44b9-bfc1-c6cf4a8ae2af_w1024_q10_s.jpg)
18
![Эшектен баштап уйга чейин коркпой минген тоо балдары.](https://gdb.rferl.org/1fa8eee6-5dd8-4409-9e14-5a41aae411c8_w1024_q10_s.jpg)
19
Эшектен баштап уйга чейин коркпой минген тоо балдары.
![Кулундарды желеге байлоо машакаты.](https://gdb.rferl.org/d365eac9-7be8-414b-93ac-41b6e83f26b4_w1024_q10_s.jpg)
20
Кулундарды желеге байлоо машакаты.