Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Аскердик сот Матеновду актады


Аскердик сот Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матеновду актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу адвокаты Искендер Журабаев кабарлады. Анын айтымында, мамлекеттен бөлүнгөн пенсияны мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталган Матеновго буга чейин Бишкек гарнизонунун Аскер соту да актаган чечим чыгарган. Бирок аскердик прокуратура бул чечимге макул болбой, Аскердик сотко доо арыз менен кайрылган болчу.

Аскердик сот ишти карап, төмөнкү баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Курманакун Матенов кылмыш иш козголгон соң кызматтан алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG