Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Бишкекте “тез жардамдын” айдоочусун сабап кетишти


Бишкекте белгисиз адам “тез жардам” унаасынын айдоочусун сабап, видеорегистраторун тартып алды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн түшкө маал шаардык Тез медициналык жардам станциясынын унаасы Чолпон-Ата көчөсүндө оорулууга бараткан учурда башка бир жеңил унаа менен жол талашып кеткен. Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу "тез жардамдын" айдоочусун сабап, видеорегистраторун тартып алып, качып кеткен. Бул боюнча териштирүү башталды. Жеңил унаа Бишкектеги көңүл ачуу жайлардын бирине катталганы аныкталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG