Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

HRW Азербайжандын төрагалыгына каршы


Human Rights Watch уюму Европа Кеңешин жана Европанын парламенттик ассамблеясын Азербайжан президенти Илхам Алиевге кайрылып, өкмөттүн сынчыларын куугунтуктоону токтотууга чакырууну үндөдү. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдун 23-июндагы кайрылуусунда Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Азербайжандын Европа Кеңешинин Министрлер комитетине анын стандартын ачыктан ачык бузуп жатып төрагалык кылганын “маскара иш” деп атады.

Министрлер комитети Европа Кеңешинин чечим чыгаруучу органы. Азербайжан 14-майдан тартып комитетке алты ай төрагалык кылууда.

23-июнда өздөрүн мурдагы саясый туткун деген 100 Азербайжан жараны Европанын Парламенттик ассамблеясын ырасмий Бакуга кысым жасап, абакта отурган саясый диссиденттерге эркиндик берүү аракетин күчөтүүнү суранган.

Президент Алиев өлкөдө саясый туткундар жок деп айтып келет. Ал 24-июнда Европарламенттин ассамблеясында сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG