Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Украин жикчилери ок атышууну токтото турууга макул болду


Бул жөнүндө өзүн жикчилердин “Донецк Элдик Республикасынын премьер-министри" деген Александр Бородай 23-июнда Донецкте билдирди:

- Киевдин ок атууну токтотуу чечимине жооп иретинде биз да ок атуу жана аскерий аракеттерди токтотобуз. Анын мөөнөтү Киев жарыялагандай эле 27-июнда эртең мененки саат 10до аяктайт.

Мындай билдирүү Москванын, Киевдин, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жасалды. Бородайдын айтымында, жикчилер жарыялаган “Луганск Элдик Республикасы” да ок атууну 27-июнга чейин токтотту.

Украинанын президенти Петро Порошенко 20-июнда бир тараптуу элдешүү жарыялаганда жикчилер аны колдобой койгон болчу. 23-июнда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери эгер Москва Порошенконун тынчтык планын колдобосо, Орусияга каршы санкция күчөтүлөт деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG