Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Казакстан журналисттер союзунун сыйлыгы Юлиан Ассанжга ыйгарылды


Казакстан журналисттер союзу ВикиЛикстин негиздөөчүсү Юлиан Ассанжга журналисттик иликтөө жүргүзүүдөгү чыгаандыгы үчүн баш сыйлыгын ыйгарды. Союздун төрагасы Сейитказы Матаев сыйлыктын Ассанжга ыйгарылышын ВикиЛикс жарыялаган “кызыктуу материалдарды” казакстандык журналисттердин кеңири пайдаланганы менен түшүндүрдү.

Приз жана сыйлык акча австралиялык интернет-журналистке почта аркылуу жөнөтүлөт.

Эквадор өкмөтүнөн саясый башпаанек алган Ассанж 2012-жылдын 19-июнунан бери Эквадордун Лондондогу элчиканасында жашайт.

АКШ Ассанжды коопсуздукка байланыштуу жашыруун материалдарды жарыялады деп жоопко тартууну каалайт. Швеция болсо өз жаранына сексуалдык ыдык көрсөттү деп, суракка алууга дилгир.

XS
SM
MD
LG