Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Келдибековдун иши сотко өттү


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ага Социалдык фондду, Салык кызматын жана Жогорку Кеңешти башкарып турганда мамлекетке ири суммада зыян келтирген деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кылмышка шериктеш болуу” беренелери боюнча айып тагылды. Эми ишти сот карайт.

Парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрь айында тергөө абагына камакка алынган. Аны үй камагына чыгаруу талабы менен тарапкерлери 27-майдан 20-июнга чейин Ош – Эркеч-Там жолун бууп турушкан. Азыр алар акциясын жол боюнда улантып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG