Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

БУУ: Иракта 18 күндө 1075 адам бейажал өлдү


Улуттар Уюмунун маалымдашынча, Иракта 5-июндан 22-июнга чейин 1075 адам набыт болду. Алар суннилер башындагы согушкерлер басып алган Анбар провинциясындагы жана Багдаддын түндүгүндөгү бомбалоодон жана жазага тартуудан өлгөн.

Ирактын түндүгүндөгү Ирбил шаарына келген АКШ Мамкатчысы Жон Керри Күртистан автономиясынын президенти Масуд Барзани менен кездешүүдө аны Ирактагы реформаларды жүргүзүүдө “жигердүү роль ойноого" үндөдү.

Бул тапта “Ирак жана Левант ислам мамлекети” кыймылы жана аны менен союздаш сунни урууларынын согушкерлери жакында басып алган жерлеринен өкмөттүк аскерлерди биротоло сүрүп чыгуу үчүн согушту улантууда. Ирак өкмөтү козголоңчу күчтөр Мосул шаарынын жанындагы Байжи мунай иштетүүчү заводун толук басып алды деген кабарды калпка чыгарууда. Ошондой эле аскерлер Хадита гидроэлектростанциясынын плотинасына жасалган чабуулдун мизин кайтарганын айтууда.

XS
SM
MD
LG