Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Кыргызстандык боксчу эл аралык мелдеште алтын медал тагынды


24-июнда кыргызстандык жаш мушкер Акназар Жылдызбек уулу Казакстандын Балхаш шаарында өткөн эл аралык мелдеште алтын медал утту. Бул тууралуу «Азаттыкка» бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев кабарлады.

57 килограмм салмакта Акназар Жылдызбек уулу бардык атаандаштарын утуп, турнирдин эң мыкты мушкери деген сыйлыкка да арзыды.

Болот Босумбаев (52 кг) финалга чейин жетип, күмүш медал тагынса, Роман Таалайбек уулу (48 кг) коло байгелүү болду.

Бул эл аралык мелдеш СССР спорт чеберлери Аманбек Маканалинди, Ерлан Нокербековду жана Жанат Сатеновду эскерүүгө арналып, ага Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан жүз элүүдөн ашуун 14-15 жаштагы өспүрүм катышты. (КМа)

XS
SM
MD
LG