Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Путин Украинага аскер киргизүү мандатынан баш тартууда


Орусия президенти Владимир Путин Украинада күч колдонуу боюнча мандатын токтотууну сурап, Федерация Кеңешине кайрылды. Федерация Кеңеши 1-мартта чыгарган токтомду Путин Украинага аскер киргизүү жана Крымды кошуп алуу үчүн пайдаланган. ИНТЕРФАКС агенттиги Сенаттагы булагына таянып, тийиштүү резолюция 25-июнда кабыл алынарын маалымдады.

Путиндин өкүлү Дмитрий Песковдун айтышынча, президент мындай кадамга “Украинанын чыгыш региондорундагы абалды жөндөө жана кырдаалды нормалдаштыруу максатында”, ошондой эле кризисти токтотуу боюнча “үч жактуу сүйлөшүүлөр башталганга байланыштуу барды”.

Украинанын президенти Петро Порошенко Путиндин кайрылуусун өлкө чыгышындагы кризисти жөндөөдөгү “биринчи практикалык кадам” деп атаганы кабарланды.

23-июнда Евробиримдиктин nышкы иштер министрлери эгер Москва Порошенконун тынчтык планын колдобосо, Орусияга каршы санкция күчөтүлөт деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG