Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Украин президенти жикчилер убаданы аткарбаганын сындады


Украина президенти Петр Порошенко орусиячыл жикчилер тарабынан аткылашууну убактылуу токтото туруу келишими сакталбай жатышын сындады. Бул жагдай украин армиясын да тынчтык макулдашуусун бузууга мажбур кылаарын белгилейт президент.

Ал бул билдирүүнү 24-июнда Славянск шаарына жакын аймакта орусиячыл жикчилер тарабынан украин аскерий тик учагына ок атылып, жоокерлер өлгөндөн соң жасады.

Жикчилер атып түшүргөн Ми-8 үлгүсүндөгү тик учакта 9 киши болгон. Алардын баары мерт кетти.

23-июн күнү орусиячыл жикчилер менен украин бийлиги сүйлөшүү жүргүзүп, 27-июнга чейин ок атууларды токтото туруу макулдашылган эле.

XS
SM
MD
LG