Кытайдын Карантин кызматынын башчысы Янг Сайжун баштаган делегация Ошко келип, мөмө-жемиштерди сатып алуу боюнча келишим түзөт. Сүйлөшүүлөр 24-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Кытайлыктар Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиштерди өстүрүү жана жыйноо ыкмаларын, зыянкечтерден коргоо жолдорун изилдеп чыккан соң келишим күчүнө кирет.
Макулдашуунун негизинде, кытайлар коон, гилас жана анар сатып алмакчы. (SE)