Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Чокморовдун мемориалдык комплексин куруу үчүн марафон болот


&Бүгүн Ош шаарында СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплексин курууга каражат топтоо үчүн марафон өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Марафонду Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду калаа бийлиги менен бирге уюштуруп жатат. Иш-чара Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында болот.

Апрель айында ушундай эле марафонду облустук бийлик да өткөргөн. Анда 2 миллион сомдон ашуун каражат топтолгону кабарланган. Чокморовдун мемориалдык комплекси Бишкекте курулат. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG