Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Иса Өмүркулов боюнча соттук териштирүү улантылат


Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-мэр Иса Өмүркуловго жана мэриянын 4 кызматкерине козголгон кылмыш иш боюнча сот уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты

Башкы прокуратура өткөн жылдын декабрында Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иш козгогон. Өмүркулов 2011-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган деп айыпталып жатат.

Кылмыш иш козголгон соң Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кеткен. Бирок ал айыптоонун негизсиз экенин айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG