Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Чүйдө өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады


Чүйдүн Токмок шаарында өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 24-июнда Чапаев көчөсүндө жайгашкан жер тамда өрт чыгып, үй ээси, 54 жаштагы Ороз Иманалиевдин бутунан жана белинен күйүк алган жансыз денеси табылган. Өрт өчүргүчтөрдүн айтымында, кырсыкка электр чайнегин колдонуудагы эреже бузуу себеп болгон.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG