Учурда Кыргызстанда ВИЧ/СПИД боюнча абал туруктуу, бирок жайылып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт бекиткен "Ден соолук - 2020" стратегиясында айтылат. Расмий маалыматка караганда, азырынча ВИЧ ийне сайынган баңгилер арасында гана көп тарап жатат, бирок ал "жалпы популяцияга өтүп кетиши ыктымал".
Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны Кыргызстанда 4 миңге жакын. Алардын 60 пайызы баңгилер. 300гө жакыны балдар. (RK)