Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Депутаттар өкмөттү кетирүүнү талап кылууда


Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Анарбек Калматов өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылууда. Бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып ал кечээ өткөн комитет жыйынына өкмөттөн эч ким келбей койгонун, чечимдер аткарылбай жатканын айтты:

- Комитеттин, парламенттин чечимдерин, токтомдорун аткарбаган өкмөттүн бизге кереги барбы?

Калматовдун сынына башка депутаттар да кошулуп, өкмөт өкүлдөрү парламенттеги жыйындарга катышууга милдеттүү экенин эскертти.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бул маселе боюнча тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG