Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Мектептердин ысык тамак менен камсыз болуусу начар


Кыргызстанда 1-4-класстын окуучуларына бир маал ысык тамак берүү маселеси жакшы чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн жыйында айтылды. Жакында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы пилоттук 60 мектепти текшергенде алардын 12 пайызында гана ысык тамак талапка жараша берилери аныкталган.

Башталгыч класстарга бир маал ысык тамак берүү үчүн мамлекет акча бөлөт. Буга эл аралык уюмдар да көмөктөшүп келатат. Бүгүнкү жыйында мамлекеттик каражатка сатып алуу боюнча тендерлер жакшы өткөрүлбөй жатканын вице-премьер-министр Элвира Сариева сынга алды. (RK)

XS
SM
MD
LG