Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Мыкаачылык менен адам өлтүргөн жаран 13 жылга кесилди


Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту 26 жаштагы Наил Надировду 13 жылга кести. Жаза мөөнөтүн ал күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөт жана өлгөн келиндин өкүлдөрүнө моралдык, материалдык зыян келтиргени үчүн 836 миң сом төлөп берүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттон кабарлашты.

Быйыл январь айында Бишкекте таштанды салынуучу челектердин биринен адамдын кескиленген дене мүчөлөрү табылган. Тергөө бул ишке Надировдун тиешеси бар экенин, ал 16 жаштагы Карина Кыштобаеваны өлтүрүп, сөөгүн кескилеп, таштандынын арасына ыргытып кеткенин аныктаган.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, мурдагы жылы зордуктоо боюнча 101 факт катталган болсо, былтыр 140 болду. Сексуалдык зомбулукка кабылгандардын арасында секелек кыздар көп. (RK)

XS
SM
MD
LG