Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Кыргызстанда энелер менен балдардын өлүмү азаюуда


Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмү өткөн жылдарга салыштырмалуу аз катталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчи орун басары Турсун Мамырбаева эне-баланын өлүмүнүн себептери тууралуу:

- Кыргызстанда энелердин өлүмү өнүккөн өлкөлөргө салыштырганда көп. Бирок коңшу өлкөлөр менен көрсөткүч бирдей эле. Өлүмдүн негизги себептери болуп энелердин ден соолугунун начардыгы, медициналык жабдыктардын тартыштыгы жана жашоонун начардыгы болуп саналат, - деди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы 100 миң энеден 50сү төрөттөн каза болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч 39га азайган. Ал эми 2012-жылы миң жаңы төрөлгөн баланын 20сы, былтыр 19у чарчап калган. (UEz)

XS
SM
MD
LG