Бишкек шаарынын борбордук районунда газ түтүктөрүн оңдоону этап-этапка бөлүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызгаз" ишканасынын маалымат катчысы Рысбек Арунов кабарлады. Анын айтымында, көгүлтүр отун Толстой, Бейшеналиева, Гогол жана Жибек Жолу көчөлөрү камтыган бөлүктө 1-июлдан 1-августка чейин өчүрүлөт. Бирок, Аруновдун белгилешинче, эгер оңдоо иштери эрте бүтүп калса газ ага чейин деле берилиши мүмкүн.
Газ түтүктөрүн оңдоо жыл сайын жүргүзүлөт. Бирок буга чейин 10 күн же 2 жума менен гана чектелчү.
Кыргызстандын түндүк аймагына газ Казакстандан келет. Бүгүнкү күндө "Кыргызгаздын" "КазТрансГазга" карызы 13 миллион долларды түзөт. (RK)