Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Монголияда тогуз коргоол турнири башталды


Бул күндөрү тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын курама командасы Монголияда өтүп жаткан эл аралык турнирге катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады. Баян-Улгий шаарындагы турнирге кыргызстандык алты спортчу катышып жатат. Чоңдор арасындагы оюнга Рамил Сагыналиев жана Деңизбек кызы Адилет, жеткинчектерден Кубаныч Ибрагимов менен Айтурган Максатбек кызы мөөрөй талашууда. Жаштардын акыл таймашына Ишенбай Майрамбек уулу катышууда.

Мелдешке Кыргызстан, Монголия, Орусия, Казакстан, Кытайдан оюнчулар барды. Эл аралык мелдеш 28-июнда жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG