Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

НАТО Грузияны кабыл алуу жараянын тездетет


НАТОнун Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен уюмдун Грузия менен кызматташтыгын бекемдөө үчүн олутту чара көрүлөрүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн альянска мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин катышуусу менен өтө турган жыйынын утурлай билдирди.

- НАТОго Грузияны кабыл алуу чаралары боюнча олуттуу макулдашууларга жетиштик. Аларды жүзөгө ашыруу жолдорун жакынкы апталарда иштеп чыгабыз, - деди Расмуссен, бирок кандай чаралар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Расмуссен ошондой эле Черногорияны НАТОго кабыл алуу маселеси келерки жылдын аягына чейин чечилерин кошумчалады.

Учурда расмий Тбилиси НАТОго кирүү диалогун жүргүзүүдө. Өлкөнүн бийлиги да, оппозициясы да альянска кошулууну тышкы саясаттын приоритети деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG