Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

Жалал-Абадда дан эгиндерин оруп жыйноо башталды


Бүгүн  Базар-Коргон районунда эң алгачкылардан болуп буудай талааларына 7 комбайн чыгып, тушүм жыйноого киришти. Бул тууралуу райондун акими Таалайбек Дөлдөев  “Азаттыкка” билдирди.  

Акимдин айтымында, район аймагында 3800 гектар аянтка күздүк буудай себилип, түшүмдүүлүк 1 гектарынан 50 центнерден болууда. Ал эми 600 гектар аянттагы жашылча-жемиш жыйналып бүтүп, дыйкандар экинчи айдоого киришти.

Жалал-Абад облусу боюнча быйыл 24,5 миң гектар аянтка буудай эгилип, 60 миң тоннага жакын түшүм жыйналуусу күтүлүүдө.  (RsK)

 

XS
SM
MD
LG