Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Ирактын ири авиабазасына чабуул жасалды


Ирактагы ири авиабазалардын бири согушкерлердин чабуулуна кабылды. Кол салуу ал жакка кеңеш берүү үчүн жөнөтүлгөн америкалык аскерлер барган учурда жасалды.

Ушул күндөрү Ирактын батышы менен түндүгүндө көпчүлүк аймактарды басып алган суннилер башындагы козголоңчулар Багдадды көздөй жылууда.

Улуттар Уюмунун маалымдашынча, Иракта 5-июндан 22-июнга чейин 1075 адам набыт болду. Алар суннилер башындагы согушкерлер басып алган Анбар провинциясындагы жана Багдаддын түндүгүндөгү бомбалоодон жана жазага тартуудан өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG