Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Шаардык кеңеш Кулматовдун шаарды өнүктүрүү планын колдоду


Бишкек шаардык кеңеши калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун шаарды 2014-2018-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү долбоорун кабыл алды. Шаардык депутаттар Кулматовдун программасында долбоорлорду каржылоо булактары так көрсөтүлбөгөнүн сынга алганы менен мурдагы кемчиликтер жоюлганын айтып колдоого алышты. Мэр “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып:

- Мэр болгондон берки 6 ай мэриянын ички иштери менен алек болууга кетти. Эми өнүктүрүү долбоору кабыл алынып, шаарды кардиналдуу өзгөртүүлөрдү баштайбыз. Шаарга инвестиция тартылып, жолдор оңдолуп, инфраструктура жакшырат. Муну шаардыктар жакын арада сезе баштайт, - деди

Шаардык кеңеш 15-майда мэрдин өнүктүрүү программасын толук иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган эле. Кулматов мэрлик кызматты 15-январдан бери аркалап келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG