Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Ооганстан: Гилманд провинциясына талибдер чабуул койду


Гилманддагы көзөмөл бекеттердин бири. 25-июнь, 2014-жыл.
Гилманддагы көзөмөл бекеттердин бири. 25-июнь, 2014-жыл.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, "Талибандын" 800дөн ашуун согушкеринин чабуулу АКШнын аскерлери коопсуздук көзөмөлүн жакында ооган күчтөрүнө өткөрүп берген аймакты ээлөө максатын көздөгөн.

Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуактын айтымында, беш күнгө созулган уруштардан 100дөй согушкер, 21 аскер, 40тай жөн-жай тургун каза тапты

Бирок бул сандарды башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.

Кабарчылардын билдиргенине караганда, Гилманддын Сангин, Ноузад, Кажаки жана Муса Кала райондорундагы уруштардан эки миңдей үй бүлө качып чыккан.

Гилманд дарыясынын түндүк бурулушунда, апийим өндүрүшүнүн ири очокторунун бири саналган бул чөлкөмдө 2001-жылдын соңунан тарта АКШ жана Британия аскерлери кандуу кагылышууларга тартылып келген.

АКШнын акыркы аскери аталган аймактан май айынын башында чыгып кеткен болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG