Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Керри украин кризисин токтотууда Москванын аракети зарылдыгын айтты


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө чакырды. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен Брюселлде болгон жолугушуусунда мамлекеттик катчы Украинадагы абалдын турукташуусунда Москванын конкреттүү кадамдары роль ойной турганын белгиледи.

Ак үй өкүлү орус президентинин Украинага аскер күчүн киргизүүгө укук берген чечимди жокко чыгаруу аракети мактоого арзый турганын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG