Учурда аракечтикке берилген 41 806 киши дарыгерлердин каттоосунда турат. Алардын 4758и аялдар. Ал эми маңзатка көз карандылардын саны 9024кө жетти. Алардын 562син аялдар түзөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” нарколог Шайлообек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, спирт ичимдиктерин жана баңги заттарын колдонуучулардын негизги бөлүгүн жаштар түзөт.
26-июнь - эл аралык маңзатка каршы күрөшүү күнү. Бул дата Бириккен улуттар уюмунун чечими менен 1987-жылдан бери белгиленет. (SE)