Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

Кыйноого кабылгандарды колдоо күнү футбол менен белгиленет


26-июнь - Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн Бишкекте күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлер жана жарандык активисттер футбол ойношот. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруп жаткан “Эркиндик үнү” коомдук фондунан кабарлашты.

Футбол ойноодон максат – тартип сакчылары менен жарандык коом өкүлдөрүн жакындатуу.

Эл аралык уюмдар Кыргызстанда адам укуктарын бузган фактылардын сап башында кыйноолор турарын белгилеп келет. БУУнун жылдык баяндамасында Кыргызстанда жарандарга карата тартип сакчыларынын кыйноосу системалуу мүнөзгө ээ экени айтылган.

Кыйноого кабылгандарды колдоо күнү БУУнун демилгеси менен 1997-жылдан бери белгиленип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG