Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Абдиев: Келдибековду абактан сөзсүз майып кылып чыгарыш керекпи?


Парламенттин Келдибеков боюнча кечээ күнкү токтому атайын соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Курматай Абдиев билдирди.

- Ал корутундуда "камакта кармоого мүмкүн эмес" деп жазылып турат. Сөзсүз эле ал жактан майып кылып алып чыгышыбыз керекпи? Үй камагында туруп деле жоопкерчилигин тарта берсе болот да, - деген Курмантай Абдиев Келдибеков боюнча токтомго каршы чыккандарды популисттер деп атады.

Ага чейин КСДПдан депутат Данияр Тербишалиев Келдибековду үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилген парламент токтомун мыйзамсыз деп атаган. Камакта Келдибековго окшоп ден соолугу начарлагандар миңдеп саналарын, министр же депутат деп бөлбөй, бардык жарандарга тең караш керектигин айткан болчу.

Оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков коррупция үчүн айыпталып былтыр күзүндө кармалган. Ал өзүнө койгон айыпты негизсиз деп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG