Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Тамак-аштан уулангандар саны жылдан-жылга көбөйүүдө


Кыргызстанда тамак-аштан уулангандардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатканын бүгүн "Азаттыкка" Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидкөзөмөл департаментинин тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери тамак-аштан уулангандар боюнча 80 факт катталып, 200 адам жабыркаган. Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган түрк жараны каза тапкан. Токмокто бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү белгисиз ичимдиктен ууланып көз жумган.

Жакында эле Бишкектин четиндеги Көк-Жар жаңы конушунда тушоо тойго барган 10 адам, анын ичинде 8 бала катуу ууланган. Дарыгерлер алардын баарын аман алып калууга үлгүргөн.

Былтыр жыл ичинде 102 тамак-аштан уулануу факты катталып, 400 адам жабыр тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG