Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Шахида Аманбаева өз алдынча баса баштады


Адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен тергөө абагында 3,5 жыл отуруп, буту-колу кыймылдабай калган Шахида Аманбаева сүйлөп, өз алдынча баса баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Шахиданын апасы Нургүл Аманбаева айтып берип, кызы дагы бир ай дарыланарын билдирди:

- Учурда кызым Психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Үч жумадай болуп калды. Врачтардын айтымында дагы бир айдай дарыланышы керек. Бирок азыр сүйлөп, өз алдынча басып калды.

Аманбаева Токмоктогу киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп 2010-жылы камакка алынып, прокуратура аны 13 жылга кесүүнү соттон сураган. Үстүбүздөгү жылдын 29-майында Чүй облустук сотунун чечими менен жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгарылган.

Ал абактан милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылып, тилден калып, өз алдынча баса албай калган болчу. Шахиданын окуясы коомчулук арасында кызуу талуу жараткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG