Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Токмокто уулануудан каза тапкан үй-бүлөнүн ишин тергөө токтотулду


Чүйдүн Токмок шаарында белгисиз ичимдикке ууланып каза тапкан 4 адам боюнча кылмыш ишти тергөө токтотулду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Ишти жабууга айып коюлуучу тарап аныкталбаганы себеп болду.

Ушул айдын башында Токмок шаарында, алдын ала маалыматка караганда, белгисиз алкоголдук ичимдиктен төрт адам каза тапкан. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү - ата-энеси жана келин-уулу экени аныкталды.

Жыл башынан бери Кыргызстанда тамак-аштан уулануу боюнча 80 факт катталганын бүгүн "Азаттыкка" Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG