Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Келдибековдун тарапкерлери орозо маалында жолду торобойт


Акматбек Келдибековдун Алайдагы тарапкерлери орозо маалында жолду торобой турганын, кийинки кадамдары сот чечимине жараша болорун бүгүн "Азаттыкка" билдиришти. Учурда 80-90 адам Сопу-Коргон айылында сай жээгине 11 боз үй тигип, Келдибековдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылууда. Акциянын уюштуруучусу Керим Сарыбашевдин айтымында талаптар аткарылмайынча акция уланат:

- Биздин кадамдар эртеңки сот чечимине жараша болот. Бирок орозо айында жол тосуу болбойт. Келдибеков үй камагына чыкканга чейин тарабайбыз.

Депутаттын баш коргоо чарасынын мөөнөтү эртең, 27-июнда аяктайт. Аны дагы узартуу же башка чара көрүүнү сот чечиши керек. Кечээ парламент Келдибековду ден соолугунун начардыгына байланыштуу үй камагына бошотуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылуу жолдоо боюнча токтом кабыл алган.

Келдибеков коррупцияга шектелип, өткөн жылдын күзүндө камакка алынган. Андан бери төрт жолу бутуна жана колуна операция жасалган. (UEz)

XS
SM
MD
LG