Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кызын зордуктоого шектелген жаранды сотко алып келүү талабы коюлду


Бишкектин Биринчи Май райондук соту үч жашар кызын зордуктап, ден соолугуна оор залака тийгизген деген айып менен кармалган Үсөн Сакатаевди бүгүнкү сот отурумуна алып келүү талабын койду. Жогорку Соттон маалымдашкандай, кечээ күнкү отурумга Сакатаев келген эмес. Себеби ооруп калганын айтып №1 тергөө абагынан №47 колонияга которулуп кеткен. Бүгүнкү сот жыйыны саат 16:00гө белгиленди.

5-июнда сот болуп жатканда Сакатаев устара менен моюнун тилүүгө аракет кылган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алган жарааты өмүрүнө коркунуч жаратпасы аныкталып, ал ооруканадан кайра №1 тергөө абагына камалган.

Сакатаев былтыр 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктаган деген шек менен кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG