Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн журналисттер, шоу-бизнес өкүлдөрү менен футбол боюнча таймашына даярдыгын текшерип, кечээ, 25-июнда кезектеги машыгууга өзү катышты.
Турнирдин демилгечиси, «AKAEV IDEA company» жетекчиси, "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаевдин айтымында, таймаш «Де-факто» гезитинин редакциясы менен биргеликте уюштурулууда. Максаты - сергек жашоону пропагандалоо. "Ынтымак" кубогу үчүн турнир 27-июнда кечки саат 18:00дө Медеров жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги спорттук аянтчада өтөт.
Өкмөттүн курама командасында вице-премьер-министр Валерий Дил, коргоо, тышкы иштер, ички иштер, саламаттыкты сактоо министрликтеринин жетекчи өкүлдөрү жана башка өкмөт мүчөлөрү бар. Таймашка жалпысынан 8 топ катышканы жатат. (RK)