Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

Тажик иликтөөчүсү “абийир туткуну” деп жарыяланды


Эл аралык мунапыс уюму Александр Содиковду абийир туткуну деп жарыялоо менен тажик бийликтерин аны дароо жана шартсыз бошотууга чакырды.

Канадада жашаган тажик жараны Содиков тыңчылык жана чыккынчылык кылды деген жүйөө менен 16-июнда Хорог шаарынан камакка алынган эле.

Мунун алдында ал Тоолуу Бадахшандагы жарандык коомдун лидерлери менен кездешкен эле. Тажикстандын бул автоном аймагынын борбору Хорогдо май айында нааразылык акциялар өткөн.

Александр Содиков мекенине Канаданын Торонто, Британиянын Эксетер университеттеринин иликтөөчүсү катары келген.

Эл аралык Мунапыс, Фридом Хаус, Хьюман Райтс Уочт уюмдары өткөн аптада иликтөөчүнүн камалышына тынчсыздануу билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG