Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ирактагы кризис Парижде талкууланууда


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин Ирак кризиси боюнча сүйлөшүүлөрүнө Сауд Арабия, Иордания, Израил жана башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү катышат.

Кечээ Ирактын премьер-министри, шийит Нури ал-Малики сунниттердин саясий жана диний лидерлеринин “улуттук куткаруу өкмөтүн” куроо жөнүндөгү чакырыктарын четке кагып, муну “конституцияга каршы төңкөрүш” деп атады.

Иракта бүгүн жарыяланган жарлыкка ылайык, парламент жаңы өкмөттү куроо жараянын 1-июлда баштоосу керек. Бул саясий жараян суннит согушкерлери өлкөнүн беш провинциясынын ири бөлүгүн басып алган учурга туш келүүдө.

Улуттар уюмунун эсебинде согушкерлердин “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобунун чабуулу учурунда 1000дей кишинин өмүрү кыйылды. Ошондой эле быйылкы жыл ичи Ирактан 1 миллиондой киши жер которууга мажбур болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG