Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Ирак Сирия согушкерлерге сокку урганын ырастады


Сирия Ирактын ичинде аба соккуларын жасаганын премьер- министр Нури ал-Малики өзү билдирди. Маликинин айтымында, Багдад Сириядан аба соккуларын жасап берүүнү суранган эмес, бирок алар “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” тобуна каршы мындай чара көрүлүүсүн жактайт.

Маалыматтарга карганда, Сириянын учактары согушкерлердин чек арадагы ал-Кайим шаарчасындагы турумдарына сокку урган. Бирок Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары бул кабарды төгүндөдү.

Суннит согушкерлери учурда Ирактын түндүгү менен батышынан беш провинициянын ири бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

Ирак кризисин талкуулоо үчүн АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Парижде Сауд Арабия, Иордания, Израил жана башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG