Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШ Орусияны Украинада тынчтык орношуна кызыкдарлыгын көргөзүүгө чакырды


Мамлекеттик катчы Жон Керри билдиргендей, Орусия Киев менен Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер ортосунда ок атышуу токтошун колдоо үстүндө иштеп жатканын бир нече саат ичинде көргөзүүсү керек.

АКШ Мамкатчысы бул тууралуу бүгүн Парижде француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен сүйлөшүүдөн кийин айтты.

Керри белгилегендей, Орусия жикчилерди куралсыздандырууга жардамдашууга жана аларды мыйзамдуу жараяндын катышуучусу болууга шыктандырууга даярдыгын алдыдагы сааттарда көргөзүшү абзел.

Ал эми Кремлдин маалыматында, президент Путин менен немец канцлери Меркел телефон сүйлөшүүсүндө Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча бир аптага эсептелген макулдашуунун мөөнөтүн узартуу зарылдыгын белгилешкен.

Өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосунда ок атышууну токтотуу макулдашылганына карабай, бүгүн Украинанын чыгышындагы Краматорск жана Славянск шаарларынын айланасында атышуулар болгону кабарланды.

Президент Порошенконун айтымында, ок атышууну токтотуу макулдашылгандан бери жикчилер бул режимди 52 ирет бузушту. (UE)

XS
SM
MD
LG