Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Жалал-Абадда фермерлер биопродукция өндүрүүнү үйрөнүүдө


Жалал-Абад облусунда дыйкандар химиялык жер семирткичсиз, биологиялык таза жашылча-жемиш өндүрүүгө үйрөтүлө баштады. Окутууну эл аралык ICCO уюму республикалык "Био Сервис" компаниясы менен бирге уюштурууда. Ушундай эле тренингдер Чүй жана Ысык-Көл облустарында да өтөт.

Фермерлер таза продукция өндүрүп, аны Европага экспорттоо үчүн сертификат алуунун жолдору тууралуу маалымат алат.

Жалал-Абад облусунда биопахта өстүргөн 900 фермер бар. Алар продукциясын Германия, Швейцария өлкөлөрүнө жөнөтөт.

2800 гектардагы жаңгак жана жашылча-жемиш аянттарынан 7-8 миң тонна биологиялык таза продукция даярдалат. (YA)

XS
SM
MD
LG