Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Ысык-Көлдө кара тумоонун алдын алуу иштери жүрүүдө


Ысык-Көл облусунда кара тумоо илдетин алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук оорукананын Карантиндик жана өтө кооптуу илдеттер бөлүмүнүн башчысы Равшан Маймулов билдирди. Анын айтымында, ооруну жуктуруп алуудан сактоочу 2 миң атайын костюм медициналык жайларга таратылып берилди. Кара тумоонун табигый очогу бар деп эсептелген 1,2 миллион гектар аянттын 80 миң гектарына чачуу үчүн 15 тонна дуст алынды. Медициналык кызматкерлердин илдет тууралуу билимин текшерүү үчүн атайын аттестация жүргүзүлүүдө. Ага катышкан 2200 кишинин 315и өтпөй калды.

Апрель айында Жети-Өгүз, Тоң жана Ак-Суу райондорунун кара тумоо чыгышы мүмкүн деп эсептелген аймактарында жайлоого кетип жаткан тургундар эмделген.

Былтыр Ак-Сууда 15 жаштагы өспүрүм кара тумоодон каза тапкан болчу. (MK)

XS
SM
MD
LG