Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Карзай "Талибандын" чабуулу үчүн чет элдиктерди айыптады


Ооган президенти бул тууралуу бүгүн билдирди. Хамид Карзайдын ырастоосунда, "Талибандын" Гильменд провинциясындагы чабуулу артында “чет элдик кызыкчылык” турат жана “уруштарга чет элдиктер тартылган”.

Ооган президентинин бул сөздөрүн башка расмий өкүлдөр да ырасташууда. Провинциянын губернатору Мохаммад Наимдин “Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, чалгын кызматтары жана жергиликтүү тургундар уруш талаасынан пакистандыктарды байкаган.

Ооган ички иштер министрлигинин өкүлү Нажиб Даништин айтымында, Гильменддеги согушкерлердин көбү талибдердин кара селделерин чалынган пакистандык аскер кызматчылар болгон.

Ооган расмий өкүлдөрү кечээ билдиргендей, Гильменд провинциясында 800дөй согушкер 20-июнь күнү чабуул койгон.

Беш күнгө созулган уруштардан 100дөй согушкер, 21 аскер, 40тай жөн-жай тургун каза тапты.

Кабарчылардын билдиргенине караганда, Гильменддин Сангин, Ноузад, Кажаки жана Муса Кала райондорундагы уруштардан эки миңдей үй-бүлө качып чыккан.

Гильменд дарыясынын түндүк бурулушунда, апийим өндүрүшүнүн ири очокторунун бири катары саналган бул чөлкөмдө 2001-жылдын соңунан тарта АКШ жана Британия аскерлери кандуу кагылышууларга тартылып келген.

АКШнын акыркы аскери аталган аймактан май айынын башында чыгып кеткен болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG