Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Наркология борборунда тогуз миң адам каттоодо турат


Кыргызстандагы Республикалык наркология борборунда бүгүнкү күндө тогуз миң киши каттоодо турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордун жетекчи орун басары Татьяна Борисова билдирди.

Анын айтымында 7,5 миң киши ийне аркылуу маңзат колдонгондор. Ал эми калган 1,5 миң ийне сайынбагандардын көбү бензин, "суперклей" жыттагандар, көпчүлүгү өспүрүмдөр. Оор синтетикалык, психоактивдүү маңзат колдонгондор расмий каттоодо жок. Борисованын билгилешинче, андай маңзат көбүнчө дискотекаларда таратылары айтылып келет.

Каттоодо турган 9024 жарандын 562си аялдар.

Адистер өлкөдөгү баңгилердин чыныгы саны расмий көрсөткүчтөн бир нече эсе көп экенин белгилешет. (RK)

XS
SM
MD
LG