Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Еврошаркеттин саммити Биринчи дүйнөлүк согуш башталган жерде ачылат


Шаркетке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бүгүн бул жолку саммитин Биринчи дүйнөлүк согуш башталганынын жүз жылдыгына арналган салтанатка катышуу менен ачмакчы.

Бельгиянын Ипр шаарында Биринчи дүйнөлүк согуш башталганынын жүз жылдыгына тушташ өтүүчү иш чара Еврошаркет тынчтыкка берилгенин көргөзүү максатын көздөйт.

Ал эми эки күнкү саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе Еврокомиссиянын жаңы президентин аныктоо болчудай.

Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон кечээ бул кызматка Люксембургдун мурдагы премьер-министри Жан Клод Юнкер дайындалуусуна каршы чыгууну убада кылды.

Саммитте Украинадагы кризистен улам Орусияга кошумча санкция киргизүү керекпи же жокпу деген маселе да талкууланары күтүлүүдө.

Жума күнү Украина, Грузия, Молдова Еврошаркет менен саясий жана экономикалык жактан жакындашууну караган ассоциация келишимине кол коюшат. (UE)

XS
SM
MD
LG