Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Донецкте аскер бөлүгүнө чабуул жасалды


Бейшембиде Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө орусиячыл жикчилер тарабынан жасалган чабуул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты. Андан бир аз мурдараак гвардиянын басма сөз кызматы бөлүккө кол салынганын, жикчилер күч кызматкерлеринен курал талап кылып, “Донецк элдик республикасынын” тарабына өтүүнү талап кылышканын билдирген эле.

26-июнда президент Петр Порошенко Страсбург шаарында Еврокеңештин ассамблеясында сүйлөп жатып, Москва тынчтык планын колдогон менен жагдайды жайгаруу үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатканын сындады:

- Кырдаалдын жөнгө салуу үчүн тынчтык планын колдоону сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүш керек. Биз реалдуу кадамдарды күтүп жатабыз.

Апта башында орусиячыл жикчилер менен украин бийлиги сүйлөшүү жүргүзүп, 27-июнга чейин ок атууларды токтото туруу макулдашылган эле. Бирок жикчилер андан бери ондогон чабуулдарды жасап, келишим аткарылбай келатат.

XS
SM
MD
LG