Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Чыгыш Украинада ЕККУнун туткундагы байкоочулары бошотулду


Донецк облусунда жикчилердин барымтасында турган Европа коопсуздук жана келишим уюмунун төрт байкоочусу бошотулду. Алар орусиячыл жикчилер тарабынан май айында туткунга алынган болчу.

Орусиячыл жикчилердин лидери Александр Бородай алар Лугансктагы коопсуз аймакка жеткирилгенин билдирди.

Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Марк Этерингтон байкоочулар 31 күндүк туткундуктан соң бошотулганын тастыкташты. Байкоочулар Швейцария, Түркия, Эстония жана Дания жарандары. Алар чарчаңкы абалда болгондуктан журналисттерге интервью берише элек.

XS
SM
MD
LG