Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Орозонун башталышы бир күнгө жылышы ыктымал


Муфтияттын фатвасына ылайык, 28-июнь - Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилген. Орозо айт 28-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленген. Жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгышына карай бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" муфтийдин орунбасары Равшан ажы Эратов билдирди:

- Эгер жаңы ай 27-июндун кечинде көрүнсө, 28-июндун таңында ооз бекитип, орозо кармай баштасак болот. Эгер ай көрүнбөй калса, Рамазан айы 29-июнда башталат. Азырынча, биздин эсеп боюнча ай эсептөөдө өзгөрүү боло элек. Эгер алмашуулар болсо жарандарга кабарланат.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши орозо-битирдин баасын акчалай 32 сом деп белгиледи. Битирди базардагы баасына карай, буудай, арпа, мейиз, курма сыяктуу жемиштер менен берсе да болот.

Рамазан - мусулмандар үчүн эң ыйык ай. Бул айда орозо кармоо же таң агаргандан каш карайганча наар албай жүрүү мусулмандын беш парзынын бири катары эсептелет. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан ашууну мусулмандар. (SE)

XS
SM
MD
LG