Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Мамытов: Кумтөр боюнча кошумча келишим күзгө чейин иштелип чыгат


Бул тууралуу “Азаттыкка” "Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, Кумтөрдү иштетүү боюнча 14 келишимдин үстүнөн өкмөт алдында түзүлгөн эксперттик топ иштеп жатат. Бирок “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүү баштала элек. Мамытов “Центерра Голд” менен сүйлөшүүнү жакынкы аралыкта баштоо мерчемделип жатканын кошумчалады.

Быйыл февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүштү 50 пайызга бөлгөн биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырып берген. Андан кийин дагы 10дон ашык кошумча келишим түзүлүүгө тийиш эле. Буга чейин вице-премьер-министр Валерий Дил парламентте кошумча келишимди түзүү боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүү оор болуп жатканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG